ЖК депутаты Эрулан Көкүлов жалпы жыйында сөз сүйлөп жатып, мектептердеги китеп көйгөйүн чечип берүүнү талап кылды.
Депутат окуучулардын китептери жыл сайын өзгөруп жатканын айтат.
«Болгон жерде коррупция. Баары акча алышат. Бизге жанагы «китеп мафиясын» токтотуп бергилечи. Жыл сайын жаңы китептер алмашат мектептерде. Бир киши мындан акча таап жатат да, а бирөө буга көзүн жумуп жатат. Эч бир министрлик муну көрбөй элеби. Жыл сайын жаңы китептерди сатып алдырат. Мамлекет китеп басып чыгара албайбы?», — деди депутат.