• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Криштиану Роналду Гиннестин рекорддор китебине кирди

25 Жалган куран 202513:24 Бишкек Govori.TV

Португалия курама командасынын чабуулчусу жана капитаны Криштиану Роналду улуттук командалардын деңгээлиндеги жолугушууларда эң көп жеңишке жетишкендиги үчүн Гиннес рекорддор китебинен сертификат алды. Бул жаңылык УЕФА Улуттар Лигасынын 1/4 финалынын жооптук оюнунун алкагында Дания курамасы менен беттештин алдында угулду.

Португалия курамасы менен Криштиану Роналду 132 жеңишке жетишип, бул көрсөткүч боюнча Монтеррейдин испаниялык коргоочусу Серхио Рамосту басып өтүп, дүйнөлүк рекорд болду.

УЕФА Улуттар лигасынын 1/2 финалында Португалия Германия менен ойнойт. Беттеш 4 же 5-июнда болот.

Испания курама командасы УЕФАнын Улуттар Лигасынын учурдагы жеңүүчүсү. Акыркы чүчүкулактын финалында алар Хорватияны жеңип алышты.

Количество просмотров: 205