• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айтматова: Сотто Матраимовдун байлыгы боюнча түшүндүрмө алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү

7 Бештин айы 2019 18:32 Бишкек Govori.TV

“Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматова Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун сотко кайрылганы жөнүндө билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Айтматова “Азаттык” радиосуна сүйлөп жатып, Матраимовдун сотко кайрылууга укугу бар экенин белгиледи

Райымбек Матраимовдун мен жана Али Токтакуновдун үстүнөн сотко кайрылганы жөнүндө маалымат каражаттарынан уктум. Бул анын байлыгы боюнча түшүндүрмө алууга абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Ал УКМКга суракка эң аз дегенде 7,6 миллион сом турган автоунаа менен келди. Мындай автоунааны алыш үчүн жөнөкөй бажычы 15-20 жыл иштеши керек. Биз болсо «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» жана «Kloop» порталы жарыялаган иликтөөдөн он миллиондогон долларлык мүлкү бар экенин билгенбиз. Бул эки жүздүүлүк жана өзүмбилемдиктин туу чокусу. Жолдош Матраимов абдан бактылуу көрүнөт, бийлик ага уруксат берген өңдөтөт, — деди Айтматова.

Количество просмотров: 510