Бишкек. 28.03.2019.Govori.TV.
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы мамлекеттик визитинин алкагында Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы үй-музейге барды.

Президенттер жазуучунун үй-бүлөсү менен маектешип, акырында эстеликке сүрөткө түштү.

Сүрөткө түшүп жаткан учурда Айтматовдун небереси Путинге эркелеп, сүрөткө ойноп түшкөн. Ал Элдар Айтматовдун уулу, 5 жаштагы Сулайман.


Путин “Кыргызстан менен Россиянын региондорунда Айтматовдун 90 жылдыгы жакшы деңгээлде белгиленин айтып, «Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине келип ырахат алдым”,-деген.