Бишкектин Ленин РИИБинин кызматкерлери Айтунук Жусуева аттуу кызды издеп жатышат. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
26-октябрда Ленин РИИБине 2008-жылы туулган кызы Айтунук Жусуеваны издеп табууга жардам берүүнү суранып, С. Т. аттуу жаран кайрылган. Анын кызы ошол күнү Ак-Ордо конушундагы үйүнөн кечки саат алты жарымда чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз болууда.
Бул факты тиешелүү жерге катталды.
Кыздын белгилери: бою 160-165 см, дене түзүлүшү орточо, көзү күрөң, жүзү сүйрүрөөк, ак жуумал, чачы кара, орточо узундукта. Капюшону роза түстүү спорттук костюм кийип жүргөн.
Урматтуу жарандар! Эгер сиздер ушул кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билсеңиздер, төмөнкү телефондорго чалып коюңуздар: 0(312) 35-29-47, 0(777) 86-97-97, 0(700) 86-09-09, 0(703) 40-16-00 и 102.