30-августта Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу жолдошун 48 саатка кармады. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен айып тагылды. Эми сот анын бөгөт чарасын аныктайт. Бул тууралуу Айтурган Маматкулованын жакындарынын адвокаты Канат Хасанов билдирген.
Милиция азырынча комментарий бере элек.
Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан. Маркумдун жакындары кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгонун, буга чейин да зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтышкан.
Ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатат.