• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айтылуу КВН алып баруучусу Александр Масляков көз жумду

8 Аяк оона 202422:26 Бишкек Govori.TV

Атактуу алып баруучу, КВН оюндарын уюштуруучу жана алып баруучу Александр Масляков көз жумганын КВНдын телеграм каналы жазып чыкты.

«Ал КВН кыймылынын катышуучулары жана миллиондогон көрүүчүлөр үчүн ар дайым легенда бойдон кала берет. 1964-жылдан бери ал КВН программасынын алып баруучусу болгон. Ошондон бери Орусияда жана анын чегинен тышкары сатира менен юмордун символу болуп калган», — деп айтылат кабарда.

Мурда Александр Масляковдо операция жасоого болбой турган шишик дарты бар экендиги белгилүү болгон. Ошондон бери ал КВН клубундагы ишинен алыстап калганы да айтылып жатат.

Количество просмотров: 217