• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аялын бычактап өлтүргөн шектүү кармалды

17 Бештин айы 202414:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 17-декабрда түшкө чейин Бишкекте дагы бир аял өлтүрүлдү. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук милиция бөлүмү кабарлады.

Саат 11:40 болуп калган убакта Бишкек ШИИБинин патрулдук күзөт кызматынын кызматкерлери Жибек жолу көчөсүн кыдырып жүрүшкөн. Чыгыш автобекетинин тушунан бир эркек аялга бычак уруп жатканын көрүп калышкан.

Алар 102 кызматына билдирип, аялга кол салган эркекти кармашкан.

Кылмыш болгон жерге Свердлов райондук милиция кызматкерлери келишкен. Аялын өлтүргөн 1991-жылы туулган Э.О. экендиги белгилүү болду. Ал 1991-жылы туулган Ж.А. аттуу аялы менен урушуп, андан кийин ага бычак менен кол салган. Алган жарааттарынан улам аял ошол жерден жан берген.

Бул кылмыш тиешелүү жерге катталды, тергөө башталды.

Количество просмотров: 430