• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Айыл чарба министрине орун басар болуп Бермет Турсалиева дайындалды

25 Бештин айы 202013:19 Бишкек Govori.TV

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине орун басар болуп Бермет Турсалиева дайындалды. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал орун басары Амангелди Исаев жумуштан кеткенин белгиледи.

«Мага күчтүү орун басар керек болду. Алмаштыруу жеңил болгон жок, бирок көптөгөн талапкерлерди карап, ушундай чечим кабыл алдык. Турсалиева мурда министрликте иштебесе дагы айыл чарба тармагында көп эмгек жасап келген. Англис тилинде эркин сүйлөйт, французча да билет», — деди Тилек Токтогазиев.

Количество просмотров: 509