• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айыл өкмөт башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

22 Жалган куран 2019 12:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.03.2019. Govori.TV.

2019-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан жер мыйзамдары чөйрөсүндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактыларын алдын алуунун алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кен-Булун айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучусу, 1967-ж.т. С.Д. 1000 АКШ долларын алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу КР УКМК басма-сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2007-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун айыл өкмөтүнүн чечими менен Ж.К. аттуу жаранга турак үйлөрдү куруу үчүн жалпы аянты 0,20га жер участогу бекитилген. Бирок көрсөтүлгөн жер участогу жергиликтүү органдарына катталбай калган. Участокту алып башка адамдарга өткөрүп берүү менен коркутуп, С.Д. Ж.К.аталган жер участокко зарыл болгон документтерди процессин даярдар берүү үчүн 5 миң. АКШ долларын талап кылгын.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам Кыргыз Республикасынын УКМК ТКЖ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 3