• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айыл өкмөтүн ээлеп алып өздөрүн өрттөйбүз деген аялдар таңкы бештен бери чыга элек

15 Чын куран 2021 12:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-апрелде Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда насыя төлөөдөн кыйналган 15ке чукул аял Пригородный айыл өкмөтүнүн кеңсесине кирип, өздөрүнө өрт кое тургандыктарын айтып жатышат.

Алардын бири буга чейин насыя төлөөгө жардам сурап бир канча күн Бишкекте пикетке чыгышканын айтып, маселе чечилбегендиктен ушул кадамга аргасыз барышканын айтты.

“Насыя акчанын үстөгүн төлөй албай калдык. Тамак-аш кымбаттап, пандемия маалында иш токтоп калды. Насыянын үстөгүн төлөй албай көбөйүп кетти. Өкмөт бизге жардам берсин, болбосо өзүбүзгө өрт коебуз”, — деди имараттын ичиндеги аял.

Нааразы болгон аялдарга Улуттук банктын өкүлү Мирлан Майтпасов келди. Ал аялдардын талабы боюнча юридикалык жактан болсо дагы жардам көрсөтүшө тургандыктарын билдирди.

«Биз Улуттук банк бул жерге чогулуп жаткан элдин көйгөйүн укканбыз. Бул эжелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Жеке компаниялардан алгандар да көп болгондуктан, биз алар менен сүйлөшүп, атайын аянтча түзүп берүү үчүн чараларды көрүүдөбүз. Жеке банктар болгону үчүн ар бири менен жеке сүйлөшүүгө туура келет, юридикалык жактан болсо дагы жардам көрсөтөлү деп аракет кылып жатабыз», — деп билдирди Матмусаев.

Ушул тапта имарараттын сыртын милиция кызматкерлери курчап, коомдук коопсуздукка көз салып турат. Ошондой эле «Тез жардам» кызматы менен өрт өчүрүүчүлөр дагы келген.

Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, аталган аялдардын имараттын ичине киргенине 7 сааттан ашты. Сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Количество просмотров: 188