• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Айылдашын айыптап, мамыга байлап койгон жарандын аялы үн катты

18 Жетинин айы 2023 9:00 Бишкек Govori.TV

Өзгөндө «айылдашын бычактап камакка алынган жарандын жубайымын» деген аял үн катты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Видеодогу аял бүгүнкү күнгө чейин күйөөсүнөн зомбулук көрүп келгенин айтып берген.

«Куршаб айылындагы окуя боюнча туура маалымат берүүнү чечтим. Видеону көрүп, комментарийлерди окуп чыдап тура алган жокмун. Мен күнөөсүз адамды бычактаган К. Ш.нын аялы болом. Күйөөм экөөбүздүн жашаганыбызга 20 жыл болду. 20 жылдан бери кайненем менен чогуу жашайм. Эң кичүү келинмин. Үйгө кайын журттан меймандар көп келет. Алардын сөздөрүнөн үйдө чыр көп чыгат. Күйөөм анын айынан мени көп урчу. 5 балам бар. Эки уул, үч кыз. Күйөөмдүн кордугуна чыдап, 20 жылдан бери жашап келе жатам. Балдарым үчүн жашап келгем»,-деген ал.

Ал учурда Орусияда экенин айтып, окуя боюнча төмөндөгүлөрдү билдирген.

«Анын эч кандай күнөөсү жок, үйдө уруш чыкканда жубайы экөө келип, бизди ажыратып турушчу. Бизге тууган болот. Күйөөм менен классташ. Бир мектепте окуганбыз. Кайын журттун сөзүнөн ушул окуя болду деп ойлойм. Аяшым экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болгон эмес. Мен Кудай алдында акмын дедим”,- деди ал.

Эске салсак, окуя 13-ноябрда болгон. Анда Куршаб айылынын 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну 13-ноябрь күнү Э.Т. аттуу айылдашын үйүнө чакырып, бычак менен денесине зыян келтирип, электр мамычасына жип менен байлап койгон.

Айрым маалыматтарга караганда, шектүү айылдашынын жыныстык мүчөсүн кесип салган.

Окуянын видеосу соцтармакка да тараган. Анда бир кишини экинчи эркек жылаңачтап, түркүккө байлап койгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү («Ден соолукка оор залал келтирүү») боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү К.Ш. камакка алынган.

Количество просмотров: 1637