Бишкек.22.07.2019.Govori.TV.
Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндө түзүлгөн “элдик штаб” бүгүн, 22-июлда жол эрежесин бузгандар үчүн салынган айып пулдар маселесин талкуулайт. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
“Штабга келген жарандар айып пулдун жогору экенине жана “Коопсуз шаар” долбоорунун иштешине нааразылыгын билдирип жатышат. Ошондуктан бул маселени талкулоо үчүн аянтча түзүп берүү чечими кабыл алынды”, — деди Жолдубаева.
Эске салсак, 19-июнда Өкмөт жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулдардын айрым түрлөрүн өзгөртүүгө макулдугун берген.