• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айыппул: Дарыканаларда жок беткапты жарандар кайдан табат?

31 Жалган куран 2020 19:34 Бишкек Govori.TV

Борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев кол койгон буйрукка ылайык бир катар учурлардан тышкары, өтө зарыл болбосо адамдардын жана жеке унаа каражаттарынын шаарда жүрүүсүнө бир катар тыюу салуулар киргизилди.

Анын ичинде коомдук жайларда бет капсыз жүрүү жана башка аракеттерге Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жеке жактар үчүн миң сом, юридикалык жактар үчүн 5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Бул социалдык тармактарда талкуу жаратууда. Анда жарандар учурда борбор калаадагы дарыканаларды алгач толук беткап менен камсыз кылып анан талаптарды коюш керек экенин жазышууда.

Количество просмотров: 626