11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.
Алардын бири Өзгөн районун Ийри-Суу айылдык кеңешинин депутаты Айзада Нурпазыл кызы болду.
Ал «Кыйын» долбооруна катышып, бул жерге келген билимге суусап, алдыга умтулам деген айымдарды көрүп дагы да шыктанганын айтты.
«Элдин кызы болгон мен үчүн сыймык. Бирок, элдин кызы болгондой кийин өзүңдө ички күч пайда болот экен, «кантип элге жардам берсем» деген. Анын ичинен ушу аял кишилерге кандай жардам бере алам, алардын үнүн мамлекеттик деңгээлде кантип жеткирсем болот деген ой толгоолор пайда болгон. Бул багытта катуу ойлонуп жүрдүм. Асмандан издегеним жерден табылгандай эле бул тренингге келип калдым», — дейт ал.