• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айзаданын иши: Адвокат милиция шалаакылыгын улантып жатат дейт

13 Чын куран 2021 10:55 Бишкек Govori.TV

Уурдалып өлтүрүлгөн 27 жаштагы Айзада Канатбекованын адвокаты Нурбек Токтакунов милиция шалаакылыгын улантып жатат деп билдирди. Ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кайрылып, өткөн жума күндөн бери Айзаданын өлүмү боюнча иштеп жаткан милиция кызматкерлери менен байланыша албай жатканын айтты.

«Сөөк табылгандан бери беш күн өттү. Тергөөчү ушул күнгө чейин Айзаданын апасын жабырлануучу катары каттабаптыр жана иш боюнча сураган да эмес. Бул окуя боюнча шектүүлөр кармалып, экспертизалар дайындалып жаткан соң, жабырлануучу тарап иликтөөгө катышууга укуктуу. Бул аракети менен милиция бизде шек жарата баштады. Милиция окуя болгон жерге эмес, Айзаданын апасынын айылына барып, коңшуларынан кыздын жүрүм-туруму тууралуу сурап жүрүшөт. Туугандарын чакырып алып, милициянын шалаакылыгы тууралуу ооз ачпоого үндөп жатышат. Иш боюнча алар эмне менен алек болуп жатышканы белгисиз», — дейт ал.

Адвокат Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) тергөөчүлөрү менен чогуу эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине кайрылып, бул ишти аягына чыгаруу үчүн толук кандуу кызматташууга чакырган.

Айзада Канатбекованын өлүмү Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүүдө. Ишти Бишкек ШИИБи тергөөдө. Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасы кыздын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин аракетин иликтөө максатында «Шалаакылык» беренеси менен кылмыш иши козгогон. Тергөө ишин жүргүзүү УКМКга тапшырылган.

Количество просмотров: 407