Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук сотунда 27 жаштагы Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча сот процесси уланууда.
Маркум Канатбекованы уурдоого 5 киши айыпталууда. Алар — Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажикабыл, Замирбек Рахманкулов жана Орузбек Нурумбетов. Айыпталуучулар пандемияга байланыштуу сотко жеткирилген жок. Ошондуктан сот процесси онлайн режимде өтүүдө.
Айзада Канатбекова 5-апрелде эртең менен уурдалган. Анын сөөгү 7-апрелде Бишкек шаарынын четиндеги талаада токтоп турган унаадан табылган. Унаада аны уурдагандардын бири Замирбек Теңизбаевдин дагы жансыз денеси табылган. Ал Айзаданы зордуктап, муунтуп өлтүрүп андан соң өз жанын кыйган.