• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айзаданын өлүмү: Милиция жактоочунун айткандары боюнча үн катты

4 Бугу 2021 14:59 Бишкек Govori.TV

Замирбек Теңизбаевге адам уурдоо, зордуктоо жана адам өлтүрүү кылмыштарына шектелип жаткандыгы тууралуу сырттан кабарлама берилген. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган 3 факт тең Жазык кодексинин 175-беренеси боюнча бир сотко чейинки өндүрүш ишине бириктирилген жана материалдар 30-апрелде Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.

«Резонанс жараткан кылмышты тергөө үчүн укук коргоо органдарынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлгөн. Тергөө учурунда 27 экспертиза дайындалып, алардын жыйынтыктары кылмыш иштин материалдарына кошулган. Ошондой эле он чакты адам суралып, ар бир шектүү менен кылмыш болгон жерлерге барышып, окуя кайрадан иликтенген. Андан тышкары тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу кылмыш иштин көпчүлүк маалыматтары жана милициянын жумушу жарыяланган эмес»,-деп айтылат маалыматта.

Бугат чейин соттук-медициналык экспертиза Бишкекте уурдалган Айзада Канатбекованын киши колдуу болгонго чейин зордукталганын аныктаганын маркумдун жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакуновайтып чыккан.  ал кемчиликтерге карабастан тергөөчү ишти шашылыш тергеп, сотко жөнөткөнүн белгилеген.

Количество просмотров: 479