• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Айжигитов: Жер кодексине өзгөртүү киргизүүнүн кажети жок

9 Жалган куран 2022 14:48 Бишкек Govori.TV

Жер кодексине өзгөртүү киргизүүнүн кажети жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдагы өзгөрүүлөргө келтирилип жаткан жүйөлөрдү азыркы Конституциянын алкагында эле чечсе болот.

«Бүгүнкү күндө жайыттар мыйзамына жана жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн эч кандай кажети жок. Ошол өзгөрүүлөр киргизген максаттарынын баарын бүгүнкү күндөгү эле мыйзам системасы менен чечсе болот. Ошондуктан ал жактагы болуп жаткан өзгөрүүлөр жөн эле биздин Конституция боюнча биздин көз карандысыздыгыбызды жана экономикалык коопсуздугубузду кармоо үчүн ушундай чектөө кирген жайыттар менен токойлорду эч качан менчиктештирүүгө мүмкүн эмес деген. Азыркы киргизилип жаткан өзгөрүүлөр, мындайча атканда рейдерлик басып алуунун эле механизмдери», — деп билдирди депутат.

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жайыттар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамына) ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору сунушталып жатат.

Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов белгилегендей, мыйзам долбоору жайыттарды натыйжалуу башкарууга жана рационалдуу пайдаланууга багытталып, жайыттарды башкаруу чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатууну көздөйт. Ага ылайык, жайыттарды мергенчилик, аарычылык, дары чөп чогултуу, жер-жемиш өстүрүү, туризм, балыкчылык багытында колдонуу үчүн жергиликтүү элдин кызыкчылыгын эске алуу менен жеке жана юридикалык жактарга 5 жылдык, кийин 20 жылга узартуу мүмкүнчүлүгү менен убактылуу пайдаланууга берүү сунушталдууда.

Количество просмотров: 178