• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Ак Бата» партиясын шайлоодон четтетүү чечими кабыл алынды

12 Бугу 2021 21:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-майда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында «Ак Бата» партиясын шайлоо мыйзамдарын бузганы үчүн шайлоодон четтетүү чечими кабыл алынды.

Жыйында аталган партия шайлоо алдындагы үгүт иштеринде мыйзам бузууларга барганы айтылды. Аймактык шайлоо комиссиясы «Ак Бата» партиясынын дарегине 11 даттануу, 17 кайрылуу түшкөнүн маалымдады.

Буларды эске алып аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиянын алган добуштарын жараксыз деп табууну сунуштады.

Количество просмотров: 364