Бишкек. 17.07.2019. Govori.TV
Ноокат районунда Ак-Буура дарыясына унаа менен кулаган туугандардын ичинен эне-бала табыла элек.
Turmush басылмасы буга чейин Ноокат районунун аймагында сууга кулаган унаада жалпы 4 адам бара жатканын жазган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ош—Папан—Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымынан Ак-Буура суусуна «ВАЗ-21099» үлгүсүндөгү унаа кулаган. Унаада 3 эркек киши жана 1 аял болгон.
Издөө иштерине жалпы 19 куткаруучу тартылып, 14-июлда саат 19:50 чамасында эркек кишинин (1963-жылы туулган Р.И.) жансыз денеси табылган. Караңгы кирип кеткенине байланыштуу саат 21:40 чамасында издөө иштери убактылуу токтотулган болчу.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы Сүйүн Осмоновдун айтымында, 15-июлда 1946-жылы туулган Ж.Р. аттуу жарандын денеси табылды. Учурда издөө иштери уланып, 1960-жылы туулган И.Р. жана анын 1985-жылы туулган уулу А.Э. изделүүдө.
Маалыматка караганда, унаадагылар Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Бел айылынын тургундары болушкан. Алар 14-июлда Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылындагы тойдон келе жатышкан. Издөө иштерине 65 куткаруучу жана 65 жергиликтүү тургун чыкты.
Унаада туугандар болгону айтылууда.