Бишкек.16.07.2019.Govori.TV.
Ноокат районундагы Ош — Папан — Кожокелең жолунда кырсыктап Ак-Буурага түшүп кеткен автоунаанын жүргүнчүсү — аялдын сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, 14-июлда Ош облусунун Ноокат районунда Ош — Папан — Кожокелең жолунда автоунаа Ак-Буура дарыясына ичиндеги төрт адамы менен кошо түшүп кеткен. Ошол эле күнү кечинде 56 жаштагы кишинин, ал эми эртеси таңда 73 жаштагы адамдын сөөгү табылган.
«Саат 19:00 чамасында 59 жаштагы Р.И. аттуу аялдын сөөгүн жергиликтүү тургундар таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп жазылган маалыматта. ӨКМдин куткаруучулары бүгүн дагы бир адамды издешерин билдирди. Кыргызстанда быйылкы жайда суу адамдын өмүрүн алган учурлар, тилекке каршы, көп катталууда. Кечээ Бишкектен алыс эмес жерде, Ала-Арча дарыясына түшүп кеткен жигиттин сөөгү табылган.
Булак: sputnik.kg.