Бүгүн, 10-декабрда эртең менен активисттер Жогорку Кеңештин имаратынын кире беришинде «уят коридору» уюштурушту.
Алар референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган Жогорку Кеңештин депутаттарына нааразычылык билдирип жатышат.
Чогулгандардын арасында Рита Карасартова, Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Нурбек Токтакунов жана башкалар бар. Акциянын катышуучулары аларга «кеткиле», «бизге мындай парламент кереги жок» деп кыйкырып жатышат.