Бүгүн, 13-ноябрда, Ак үйдүн алдына келген киши өзүн өрттөй турганын айтып коркутту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, киши колуна бензин куюлган бөтөлкө кармап калган.
«Өзүн Элдияр деп тааныштырган жаран митинг учурунда Ак үйдү жана башка борборлорду элдик кошуунга кошулуп кайтарганын айтты. Бирок бүгүнкү күндө үй-бүлөсүн багайын десе жумуш жок болуп жатканын айтып нааразы болууда», — деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, Ак үйдүн жанында учурда милиция жаранды тынчтанууга чакырып жатышат.