Бишкек.09.01.2019. Govori.TV.
Ак Үй тарапка атайы барып түкүргөн жаран айып пулду төлөөгө акчасы жок экендигин билдирген. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчимай районунун акими билдирген.
Анын айтымында, мыйзам бузган жарандын түкүргөнү үчүн айып пул төлөөрүн, бирок азыр анын акчасы жок экенин, бирок бул жагдай каралып жана жакынкы арада комиссиянын жыйынын өткөрүп, расмий чечим колуна берилет.
Эске салсак, интернетке Ак Үйдүн алдына барып атайын түкүрүп кеткен жарандын видеосу чыгып, талкуу жараткан. Ал жогорку кызматта иштегендерге нааразычылыгын билдирип, андан соң түкүргөн. Анын бул аракетин сынга алгандар да, колдогондор да болду.