• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Ак кула» ат майданы шаардын карамагына өттү

7 Аяк оона 2020 13:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Ак кула» ат майданы толук бойдон мэриянын карамагына өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Азиз Алымкуловдун тапшырмасы боюнча Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев ипподромдун талаш участкаларын мэрияга өткөрүү боюнча көчмө жыйын өткөргөн. 

«Биз «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелеринин чек араларын аныктоо жана имаратты техникалык инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүздүк. Өлчөөнүн жыйынтыгы боюнча, кыймылсыз мүлк объектисине мамлекеттик акт жана техникалык паспорт алынат», — деген Тынаев.

«Ак-Кула» ат майданы биринчи ирет 1995-жылы менчиктештирилген, анда ат майдандын 57 гектар жери сатылган. Экинчи ирет 2003-жылы 100 миң сомго сатылган. 2017-жылы Бишкек мэриясы ат майдандын жерин муниципалитетке кайтаруу боюнча сотко кайрылган.
Бир канча убакытка созулган соттук териштирүүлөрдөн соң ипподромдун 54,9 гектар аянты шаардын карамагына өткөн.

Количество просмотров: 55