• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Өзүн актабаган спорттук жайларды Өкмөт каржылабашы керек”

28 Жалган куран 2018 11:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.03. 2018. Govori.TV

“Өзүн-өзү актай албаган спорттук жайларды өкмөт каржылабашы керек. Дүйнөдө мындай жайлар тескерисинче, өлкөгө киреше алып келет”. Бул сөздү саясатчы Равшан Жээнбеков кечээ парламентте Чолпон-Атадагы жаңы курулган ат майданды ремонттоого деп 10 млн. сом бюджеттен бөлүнгөндөн кийин билдирди.

“Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын Кыргызстандан башка көчмөн тарыхы бар өлкөлөр кезектешип өткөрбөгөндөн кийин, бул оюн эл аралык деңгээлге чыкпай, кадырын жоготуп, келечеги бүдөмүк бойдон калат. Ошондуктан жыл сайын ансыз да кедери кеткен бюджеттен ага миллиондогон каражаттарды сарптоо менен Өкмөт эч пайда таппайт. Мына, Чолпон-Атага 2 млрд. сомго чукул каражат кетти, мыкты кылып реконструкция кылдык. Бирок, жылына бир жолу 10 күн оюн өткөнү болбосо, ал жер ээн турат. Демек, каржылык жактан өзүн актабаган жай болуп кала берет”,-дейт Равшан Жээнбеков.

Эске сала кетсек, кечээ каржы министри Адылбек Касымалиев Спорт жана дене тарбия агенттиги тарабынан аталган ат майданга деп 10 млн. сом суралганын билдирген эле.

Количество просмотров: 33