• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсык: Дагы бир жаран каза болду

24 Теке 2023 9:59 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыктан жабыркап, реанимацияда жаткан бир жаран каза болду. Бул тууралуу аталган конуштун квартал башчысы Мирбек Осмонов 24-июлда Фейсбук баракчасына жазды.

«Ак-Ордо-3 конушта үрөй учурган жол кырсыгы болуп, анда 34 жаштагы келин каза болгон. Түндө дагы бир эже каза болду, ал оор абалда жаткан эле, анын өмүрүн эч ким сактай алган жок! Каза болгон адамдардын жакындарына терең кайрылуу менен көңүл айтабыз. Жашоочулар ооруп жаткан адамдарга акча чогултуп баштаган, жалпы 205 миң сом чогулуп, жабыркагандарга бөлүнүп берилди! Ошондой эле каза болгон адамдардын жакындарына дагы чогулган акчадан бөлүнөт»,-деп жазды Осмонов.

Эске салсак, 19-июлда Ак-Ордодо жол кырсык болуп, №169 кичи автобусту жүк ташуучу унаа келип сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен жеринде бир киши каза болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, 23 адам жараат алган. Алардын 12си ооруканга жеткирилип, төрт жүргүнчү реанимацияга түшкөн. Ооруканананын жандандыруу бөлүмүндөгү бир бейтаптын өтө оор, калган экөөнүкү оор болгонун, дагы бир адам реанимациядан жалпы бөлүмгө которулганын кабарлаган.

Количество просмотров: 166