• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Денеси чирип калган аялдын аты-жөнүн тактоого милиция жардам сурайт (сүрөт)

3 Аяк оона 2019 9:53 Бишкек Govori.TV

Жаңы конуштан жансыз денеси табылган аял кишинин өздүгү аныктала элек. Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы жарандардан жардам сурайт.

17-августта саат 21:00 чамасында Ак-Ордо-3 конушунун чыгыш жагынан адамдын жансыз денеси табылган. Денеси чирип калган аялдын бою 165-170 чамалуу, чачы кара, арык чырай.

Кийимдери: Puma деген жазуусу бар кызыл түстөгү баш кийим (кепка), Adidas деген жазуу бар ак түстөгү футболка, ак жана күмүш түстөгү сызыкчалары бар күрмө (рубашка), Adidas деген жазуу бар кара түстөгү спорттук шым, Fila фирмасынын кара түстөгү спорттук бут кийими.

Милиция кызматкерлери маркум, анын буюмдары тууралуу маалыматы бар жарандардан байланышка чыгууну суранат.

Сокулук РИИБ менен байланыш номурлары: 0(312) 60-45-67, 0(701) 80-18-03.

Количество просмотров: 5477