Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, шаардык кызматтардын жетекчилери Новопавловка, Ак-Ордо-3, МАБнын жана №484 контурунун жашоочулары менен жолугушуп, жагымдуу жаңылык айтышты. Тагыраагы, 18 гектар аянтка социалдык объектилердин курулушу пландалып, 280 орундуу эки корпустан турган бала бакча, 100 орундуу оорукана куруу иштери башталаарын айтышты. Ошондой эле жакынкы күндөрү Россия тарабынан каржыланган 1500 орундуу 4 гектарды ээлеген дагы бир мектепти куруу пландалып жатканы боюнча маалымат беришти. Ак-Оодо-3 конушунда парк жана башка инфраструктуралык объектилер да курулат. Жолгушууда шаар мэри курулуш иштерин тез арада бүтүрүү чаралары көрүлөрүн баса белгиледи.