• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Ак-Ордодо» жаңы ачылган мектептин окуучуларына китеп жетишсиз

28 Баш оона 2023 16:55 Бишкек Govori.TV

Былтыр жаңы ачылган «Ак-Ордо» жаңы конушундагы №102 орто мектептин окуучуларына окуу китептер жетишсиз. Бул тууралуу аталган мектептин окуучуларынын ата-энелери Govori.TVга билдиришти.

Алардын айтымында, учурда 1-класска кирген балдары үчүн 5 миң сомго чейинки китептерди сатып берүүлөрү керек болуп турат.

«Мен мектеп жетекчилигине китеп жетишсиздиги тууралуу маселе менен кайрылып, жолуккам. «Билим берүү министрлигине кайрылганбыз, китеп жок болуп жатат» деп жооп алдым. Мисалы 1-класстын окуучулары үчүн такыр эле китеп жок экен. Мындай абал башка да класстарда бар. Бир класска 2 же 3 эле китеп тиет экен. Мектепти ачарын ачып коюп, китеп менен камсыз кылышкан эмес. Мен мисалы азыр баламды 1-класска киргизейин десем, китептерди өзүм болжол менен 5 миң сомго сатып алышым керек болуп жатат. Ата-энелердин тайпалары бар да ал жакта да ушундай эле нааразы пикирлер, «китепти эмне үчүн сатып алышыбыз керек» деген. Мындай уланып кете берсе балдарыбыз окуусун бүткүчө эле китеп сатып берип олтурабызбы? Себеби, ушундай эле абал 2-класстын ата-энелеринде да болуп жатат. Мына алдыда 1-сентябрь келе жатат, а мектеп окуу жылына даяр эмес», — дейт ата-энелердин бири.

Ал кошумчалагандай, аталган мектептин директору да дайындала элек. Директордун милдетин учурда завуч аткарып жатат.

Ал эми аталган мектептин директорунун милдетин аткарып жаткан Айгүл Ормуковага байланышканыбызда, китеп маселеси чечилүү алдында турганын билдирди.

Анын айтымында, №102 мектеп 1500 окуучуга ылайыкташып курулган, бирок учурда мектепте окуучурдын саны дээрлик эки эсеге көп.

«Биздин мектеп 1500 балага ылайыкташып ачылган, бирок калктын көптүгүнөн улам ачылганда эле 2000 бала менен ачылганбыз. Негизи китептер жаңы окуу жылы менен бөлүштүрүлөт, а биз экинчи чейректин башы менен ачылып калгандыктан былтыркы жыл менен китеп бөлүнгөн эмес. А быйылкыга каралып китеп бөлүндү, ал деген биздин мектептин 10 пайызына жете турган китеп болуп жатат. Ал эми быйыл 1-класстардын саны көп, которулуп келгендер да көп болуп бул жылы окуучулардын саны 3 миңге жетти. Бул боюнча Билим берүүнүн райрндук башкармалыгына, жергиликтүү кеңешке кайрылуу кылганбыз, жана алар окуу башталгыча парта менен китептерди алып келип беребиз дешти. Биз ата-энелерге айтып жатабыз китеп жетишинче беребиз, жетпегендери эгер болуп калса деп жатабыз, бирок аны сөзсүз түрдө алып бергиле деген талап жок… Мына сентябрда мектеп ачылсын болушунча китеп беребиз, ал эми жетпей калгандар болсо ата-энерлер жардам кылып алып берсеңер болот деп жатабыз. Паникага түшүштүн кажети жок, сентябрга чейин маселе чечилет деп күтүп жатабыз», — деди Ормукова.

Эске салсак, Бишкек шаарынын «Ак-Ордо» жаңы конушундагы №102 орто мектептин ачылыш аземи 2022-жылы ноябрь айында болгон. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышкан.

Количество просмотров: 141