• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Ак-Ордодогу жер маселеси: Бир канча кызмат адамдары камакка алынды

28 Жалган куран 2023 16:24 Бишкек Govori.TV

Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча бир канча кызмат адамдары камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, президенттин тапшырмасынын негизинде Башкы прокуратура тарабынан Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду.

Текшерүүдө, Сокулук районундагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызмат адамдары жана башка алдамчылык жолу менен жер сатуу менен алектенген адамдар материалдык кызыкчылыктарды көздөшүп, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында укукка жат туруктуу байланыш түзүшүп, Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерди документтерди жасалмалоо менен жеке менчикке чыгарып, сатышкандыгы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Дж. аттуу жаран кармалышты.

Учурда тергөө башкармалыгы тарабынан аталган кылмыш ишке тийиштүү башка тараптарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Количество просмотров: 790