• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Ак-Суу чокусунда изделген россиялык альпинисттин сөөгү табылды

23 Бирдин айы 2024 14:12 Бишкек Govori.TV

Россиялык альпинист Евгений Глазунов Баткендеги Ак-Суу чокусунда каза болгонун mountain. ru басылмасы жазды.

Буга чейин аны ӨКМдин куткаруучулары жана россиялык үч альпинист издеп жаткан.

Акыркы жолу 16-февралда байланышка чыккан. mountain. ru альпинист аман-эсен ылдыйга дээрлик түшүп жетишкенин белгиледи.

ӨКМ маалыматты тастыктап, Глазуновдун сөөгү 300 метр бийиктиктен табылганын билдирди.

Чокунун бийиктиги 5 355 метрди түзөт.

Количество просмотров: 252