Бишкек.28.03.2019.Govori.TV.
Ак-Суу районунун администрация башчысы — акими болуп Акылбек Тюкебаев дайындалды. 28-март күнү жаңы акимди райондун активине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров премьер-министрдин буйругун окуу менен тааныштырды.
Тюкебаев Акылбек Алиякунович 1964-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Чолпон айылында туулган.
Билими: 1981-1986-жылдары Фрунзе шаарындагы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтунан билим алып, “Окумуштуу агроном” адистигине ээ болгон.
Буга чейин ушул райондогу Каракол айыл өкмөтүнүн, «Өрнөк-ТАА-Чолпон» кооперативин, Ак-Суу — Жети-Өгүз — Тоң район аралык үрөн инспекциясын жетектеген. Эки-үч жылдан бери Ысык-Көл облустук айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо борборунун башчысы болуп эмгектенип келген.
Эмгек жолу: 1986-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун “Каракол” совхозунда агроном-энтомолог кызматында эмгектенүүдөн баштаган.
Ушул райондогу Каракол айыл өкмөтүнүн, «Өрнөк-ТАА-Чолпон» кооперативин, Ак-Суу — Жети-Өгүз — Тоң район аралык үрөн инспекциясын жетектеген. Эки-үч жылдан бери Ысык-Көл облустук айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо борборунун башчысы болуп эмгектенип келген.
Акылбек Тюкебаев өзүнүн иштеген тармагында облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымынын негизинде райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги ар кандай сыйлыктар менен сыйланган.
Эске салсак, быйыл 22-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн» деп Тоң, Ак-Суу, Кемин, Аксы, Токтогул, Москва райондорунун башчыларын, жалпысынан алты акимди кызматтан бошоткон. Ак-Сууну буга чейин Улан Дөкөнбаев жетектечү.