• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ак-Талаага жаңы аким шайланды

14 Тогуздун айы 2019 10:08 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы болуп Кулубаев Сейтек Дөөлөтбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Кулубаев Сейтек Дөөлөтбекович 1971-жылы 19-март күнү туулган. Үй-бүлөлүү.

Билими:

— 1988-1993-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда окуп, зооинженер кесибине ээ болуп чыккан;
— 1994-1996-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде билим алып, юрист кесибин ээ болгон;
— 2003-2006-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин инженер-жерге орноштуруучу кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

— 1993-1996-жылдары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун «Бабур» акционердик коомунда зоотехник-селекционер;
— 1996-1997-жылдары Кыргыз агрардык союзунда мал чарбачылыгы боюнча координатор;
— 1997-1998-жылдары «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун «Жайыттарды коргоо жана мониторинг жүргүзүүнүн» алдындагы «Кыргыз Республикасында кой чарбасын өнүктүрүү» эл аралык долбоорунун изилдөөчүсү;
— 1997-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана суу чарба министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн «КРде кой чарбасын өнүктүрүү» эл аралык долбоорунда кеңешчи-эксперт;
— 1999-2001-жылдары «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун «Жайыттарды коргоо жана мониторинг жүргүзүүнүн» алдындагы «Кыргыз Республикасында кой чарбасын өнүктүрүү» эл аралык долбоорунун техникалык кызматкери;
— 2001-2003-жылдары «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун 1-категориядагы инженер,
— 2003-2006-жылдары Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгында башкы адис;
— 2006-жылы Ысык-Ата райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысынын орун басары;
— 2006-2010-жылдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
— 2010-2013-жылдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы;
— 2013-2014-жылдары «Кулубай» дыйкан чарбасынын жетекчиси,
— 2014-2015-жылдары Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыттар департаментинин «Мал чарбасын жана базар өнүктүрүү – 1» эл аралык долбоорунда жайыттардын чеги боюнча кеңешчи;
— 2015-2017-жылдары «АйАс» жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору;
— 2017-2018-жылдары КРнын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бирикмесинин коомдук кеңешчи-эксперти;
— 2018-2019-жылдары Бүткүл дүйнөлүк банктын «Жайыттарды жана мал чарбасын башкаруу жакшыртуу» долбоорунун Чүй облусу боюнча координатору.
Сыйлыктары:

— 2010-жылы Нарын облусттук ички иштер башкармалыгынын ардак грамотасы;
— 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комитетинин ардак грамотасы;
— 2011-жылы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ардак грамотасы:
— 2017-жылы «Айыл чарбасынын мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.

Буга чейин бул кызматта Нурбек Молдокадыров иштеген. Ал 1-октябрда Нарын шаарынын мэри болуп шайланган.

Количество просмотров: 88