• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

«Ак-Тилек» пунктунан коштоочу документтери жок жыгач материалын ташуу фактысы катталды

3 Теке 2019 11:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2019-жылдын 2-июлунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан коштоочу документтери жок жыгач материалын ташып келе жаткандыгын аныкташты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Тактап айтканда, 25 куб.м. жыгач материалын ташып келе жаткан автомашина кармалган. Унаа убактылуу токтотуучу жайга коюлду.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

Количество просмотров: 4