Бишкек.20.03.2019.Govori.TV.
Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек — унаа жолу» өткөрмө пунктунда жүк ташуучу унаалар узун кезекке туруп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кезек кечээ кечки саат 20:00дө пайда боло баштаган. Ал кезек Казакстандын чек арачыларынын унааларды узак убакыт текшерип жатканы менен байланыштуу болууда. Казакстан тарап 1 саатта 4-5 унаадан өткөрүүдө.


Бүгүнкү эртең мененки саат 09:00гө карата «Ак-Тилек — унаа жолу» пунктунда 90го жакын жүк ташуучу унаа кезекте турган.
«Кыргыз-казак чек арасынын башка өткөрмө пункттарында узун кезектеги унаалар байкалбайт. Кыргызстан тараптан чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө эч кандай чектөө жок», — деп айтылат маалыматта.