• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Академик Осмон Тогусаков дүйнө салды

21 Бугу 202510:50 Бишкек Govori.TV

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, философия илимдеринин доктору Осмон Тогусаков дүйнө салды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясы кабарлады.

Осмон Тогусаков 1953-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кызыл-Арык айылында туулган. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн.

1993-жылы философия илимдеринин доктору, 1994-жылы эл аралык коомдук Айтматов академиясынын мүчөсү болгон. 1992-жылдан 2017-жылга чейин Улуттук илимдер академиясынын Философия институтунун директору болуп иштеген. 2017-жылдан 2022-жылга чейин Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти кызматын аркалаган.

Эмгектери табият таануу жана техниканын философиялык маселелерине арналган. Илимий теориялык изденүүлөрү алдын ала андап билүүнүн, прогноздоонун диалектикасын, анын илимдеги жана практикадагы методологиялык маанисин тастыктоого багытталган.

Окумуштууга 2003-жылы Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмери наамы ыйгарылган. Ошондой эле ал 2011-жылы «Данк» медалы, 2021-жылы III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

2020-2021-жылдары Конституциялык кеңештин төрагасынын орун басары болуп, соңку жылдары КР президентинин алдындагы Аттестациялык комиссиясынын эксперттик кеңешинин төрагасы болуп келген.

Количество просмотров: 236