• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Исак Бекбоев дүйнө салды 

16 Чын куран 2020 9:45 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, профессор Бекбоев Исак Бекбоевич 91 жаш курагында дүйнө салды.

Бекбоев Исак Бекбоевич Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында 1930-жылы 10-январда төрөлгөн. 1948-жылы Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында мектепти медаль менен аяктап, Кыргыз педагогикалык институтунун Физика-математика факультетине тапшырган.

Профессор И. Б. Бекбоев 200дөн ашык басылманын автору болуп саналат, анын ичинде 11 монография, Кыргызстан үчүн 11 окуу китеп, 47 окуу жана окуу-методикалык колдонмолор бар. Анын бардык эмгектери жогорку актуалдуулугу, фундаменталдуу негизделгендиги, ири педагогикалык маселелердин оптималдуу чечимдерин издегендиги, практикага багытталган.

Бекбоевдин эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып «Ардак белгиси» ордени (1971), «Даңк» медалы (2009), 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими наамы (1983), Кыргыз Республикасынын Эл мугалими ардактуу наамдары ыйгарылган.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!

Количество просмотров: 286