• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Эл акыны Гүлсайра Момунова дүйнө салды

12 Баш оона 2020 17:41 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын эл акыны Гүлсайра Момунова оорудан улам каза болду. Маалыматты жакындары тастыктады.

Маалыматка караганда, 83 жаштагы акын узакка созулган оорудан каза болгон. Момунованын сөөгү 13-август күнү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюла турганы айтылууда.

Гүлсайра Момунова 1937-жылы 30-декабрда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында жарык дүйнөгө келген.

1955-жылы 30-декабрда Талас шаарында орто мектепти, 1960-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтун бүтүргөн.

1961–1969-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973–1993-жж. «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орунбасары, 1993-жылдан республикалык маанидеги персоналдык пенсияда.

Биринчи ырлар жыйнагы «Тилек» деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Бир катар поэтикалык кыргыз тилиндеги жыйнактардын, эки орус тилине которулган жыйнактардын автору, бир топ жамааттык котормолордун авторлошу.

2001-жылы «Эр Манас урпагы» медалы менен сыйланып, 2003-жылы «Түгөлбай Ата» адабий сыйлыгынын лауреаты болгон. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамын алган.

Количество просмотров: 864