• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

КРнын эмгек сиңирген артисти Динара Салиева көз жумду

13 Кулжа 2022 17:05 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Салиева Динара Азизовна 74 жаш курагында дүйнө салды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Динара Салиева 11-июнда узакка созулган оорудан каза болгон.

Динара Салиева 1948-жылы 19-ноябрда Фрунзеде туулган. Ал Москва консерваториясынын профессор-пианист Генриетта Мирвистин жана профессор Леонид Ройзмандын орган классын бүтүргөн.

Динара Салиева Кыргызстандагы биринчи органист жана ошол кездеги Борбордук Азиядагы жалгыз аял органист. Кыргыз филармониясынын жана «Союзконцерттин» солисти катары 2,5 миңден ашык жеке концертин берген.

Ал дүйнөдөгү эң мыкты органисттер кире алган Рига Купол соборунда чыгармаларды аткарган.

Ал легендарлуу Бах соборунда — Санкт-Михаэлискирхеде Кирхенмюзик курсун бүтүргөн, ал жерде улуу Иоганн Себастьян Бах хордо ырдап, концерт берген.

Динара Салиева философ-педагог, жазуучу, публицист, искусство таануучу жана коомдук ишмер, академик Азиз Салиевдин үй-бүлөсүндө туулган.

Количество просмотров: 5417