• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акаев: Эл депутаттар эки жүздүү, саткын, кошоматчы деп туура сындайт

10 Жалган куран 2021 18:08 Бишкек Govori.TV

Эл депутаттар эки жүздүү, саткын, кошоматчы деп туура сындайт. Мындай пикирин Жогорку кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

«Эгерде добуш берген депутаттардын саны катталгандардын саны менен дал келбей калса, анда маселе кайра добушка коюлат деп жазылып турат. Жана ошондой эле добуш берүү укугу башка депутатка берилбейт деп да жазылган. Ар бир депутат өзүнө гана добуш берет деп жатса болбой, Дүйшөн Төрөкулов абакта жатканына карабай, көп депутаттар жыйынга катышпаганына карабай добуш беришкен. Мыйзам сактап кабыл алалы десек болбой кайра беттен алып жатышат. Баш мыйзамды кантип мыйдай бузуулар менен кабыл алабыз. Биз азыр юристтер менен кеңешип жатабыз, мындай болбоосу керек», — дейт эл өкүлү.

Количество просмотров: 122