• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акаев: Генералдары көп Кыргызстанда жашоо кооптуу, кылмыштуулук күч

8 Чын куран 2021 12:02 Бишкек Govori.TV

Генералдары көп Кыргызстанда жашоо кооптуу, кылмыштуулук күч. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Акаев Ички иштер министрлигинин ишин сынга алды.

«Мен жогоруда адам өлүмү боюнча кесиптештеримдин сөзүнө кошулам. Айрыкча өкмөттүн өкүлүнө кайрылгым келет. Эки күн мурун 5-апрелде кызды уурдап, машинеге салып жаткан видеосу бардык жерге тарады. Туугандары милицияга чалып кабарлап жатса да, эмне үчүн милиция өз учурунда чара көргөн эмес. Ошол жерде машиненин номери турат, камерага түшкөн. «Коопсуз шаар» деген долбоор бир гана жарандардан айып пул чогултуп, бюджетти толтура турган система эмес, биринчи кезекте жарандардын коопсуздугун сактоо болушу керек. Ички иштер министрлигине кайрылып кетким келет. Өзгөчө Бишкекте жашоо кооптуу болуп калды. Жаңы конуштарда уурулук кескин күчөп кетти. Интернетте беткапчан балдардын уурулуктары күндө чыгат. Милиция аларга чара көрүп турганда, мындай болмок эмес. Эгер ушундай темп менен кете турган болсок, биздеги өнүккөн өлкөлөрдүн элчиликтери: «Бул жакта жүрүү — кооптуу, мыкаачылардын өлкөсү, бул өлкөгө келбегиле», — деп өздөрүнүн жарандарына кат жазат, көрөсүңөр. Ушундай шартта президент баш болуп генералдык чиндерди таратып отурасыңар. Бир чырактай кыздын өлүмүн жергиликтүү чабан телефон чалып айтыптыр. Анан милиция барыптыр. Мына, генералы көп Кыргызстанда»,-деди Акаев.

Акаев ошондой эле президенттин жарлыгы менен түрмөдөн бошотулган жарандардын өздүгүн тактоо зарыл экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 107