• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Акаев: Кечээ эле Атамбаевдин этегине намаз окугандар, бүгүн эми Жээнбековдун этегине намаз окуп жүрөсүңөр

14 Бугу 2020 14:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-майда ЖКда шайлоо босогосун жети пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда айрым кызматташтарына кайрылып, «кечээ Атамбаевдин этегине намаз окугандар бүгүн аны тепкилеп атасыңар», -деди.

«Мирлан Жээнчороевди «тогуз пайыздык босого тууралуу мыйзам долбоорунун авторусуң» деп айыптаганыңар туура эмес. Жалгыз ал сунуш кылып эле, калганың каршы чыктыңар беле? Кечээ эле өткөнкү президенттин этегине намаз окуп жүргөндөр, бүгүн эми Жээнбековдун этегине намаз окуп жүрөсүңөр. «Түндүк-түштүк альтернатива жолуна Атамбаевдин атын берели» деп сунуш кылгандар азыр кайра аны тепкилеп атасыңар. Кырдаалга жараша позициясын өзгөртүп, кошоматчылыктан кошоматчылыкка күн көрүп жүргөндөр толтура, арабызда», — деди ал.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 14-майда шайлоо босогосун тогуз пайыздан жети пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун карап жатат. Айрым депутаттар мыйзам долбоорун караган комитеттин дарегине сын пикир айтып, регламент бузулганын белгилешти. Ошондой эле талкуу учурунда кээ бир депутаттар Мирлан Жээнчороевди 2017-жылы шайлоо босогосун тогуз пайызга көтөрүү тууралуу мыйзам долбоорунун автору болгон деп айыпташкан.

Количество просмотров: 594