Ош мамлекеттик университетинин философия жана политология кафедрасынын доценти, саясий илимдердин кандидаты Акаев Аскар Абдыраимович 25-марттаа оорудан дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Аскар Абдыраимович 1971-жылы 28-июлда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Баш-Булак айылында туулган.
1978-1988-жылдары Баш-Булак айылындагы №96 орто мектебин ийгиликтүү бүтүргөн.
1989-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин кырыз тили жана адабияты адистигине билим алууга тапшырган. Ал студенттик алгачкы жылдарында факультеттин коомдук иштерине активдүү катышып, Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы жылдарында кыргыз тилиндеги КВН командасынын уютуруучусу жана катышуучусу болгон.
1994-жылы ОшМУнун филология факультетин ийгиликтүү аяктап, кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон.
Жогорку окуу жайды аяктаган соң Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу №96 Н. Примбердиев атындагы орто мектебинде алгачкы эмгек жолун баштаган.
1994-жылы ОшМУнун философия кафедрасынын аспирантурасына кирип, кийинчерээк ошол эле кфедранын окутуучусу болуп ЖОЖдогу илимий-педагогикалык ишин баштаган. Аталган кафедрада үзүрлүү эмгектенүүнүн натыйжасында ага окутуучу, доценттик кызматтарга чейин жеткен.
1995-жылы аспирант Аскар Акаев менен Кыргызстандын тунгуч Президенти Акаев Аскар ОшМУда сенсациялык жолугушуусу болгон.
Аскар Акаев 2020-жылы Академик О.А. Тогусаковдун жетекчилиги астында “Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстердин динамикасына саясат таануучулук анализ” – деген темада 23.00.02 – саясий процесстер жана институттар адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. А. Акаевдин 30га жакын илимий макаласы, 2 окуу-усулдук колдонмосу жарык көргөн.
2024-жылдан КРнын УИАсынын А.А. Алтмышбаев атындагы философия, укук жана социалдык саясий изилдөөлөр институнун докторанты эле.
Аскар Абдыраимович өлкөнүн коомдук-саясий иштерине да активдүү катышып келген. Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айылдык Кеңешинин 4 жолку депутаты жана аталган айылдык Кеңештин төрагасы да болгон. Айылдын социалдык-экономикалык жана саясий өнүүгүсүнө зор салымын кошуп келген. Мындан сырткары эл аралык фонддор менен да тыгыз иштешип келген.