• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Акаев: Ногойбаев финполицияны кабинетине киргизбей койгон

4 Чын куран 2018 10:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.04.2018.Govori.TV

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын башчысы Алмазбек Ногойбаевдин иш-аракеттерине көңүл бурууну Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттик отурумда өкмөттүн өкүлүнө тапшырды:

«Кыргыз темир жолундагы» коррупция тууралуу бир нече жолу маселе көтөргөнбүз. Кечээ экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан барышса, ишкана башчысы Ногойбаев кабинетине киргизбей, кууп чыгыптыр. Иликтөөгө жолтоо болуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатат. Ошондуктан, өкмөттүн коррупция менен күрөшөм деген чыныгы ниети болсо, президенттин коррупцияга каршы аёосуз күрөшүн колдойм десеңер, Ногойбаевге мындай мамиле кылбагыла. Мен азыр эле ошол Ногойбаев кууп чыккан кызматкерлер менен жолугуп, сүйлөшүп чыктым. Мындай мамиле болбойт, ушуга көңүл буруп койсоңуздар»,-деди Акаев.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаевди убактылуу кызматтан четтетүү боюнча өкмөткө сунуш берүү маселесин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мурда да көтөргөн.

 

Количество просмотров: 34