• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акаев: Президенттин туура чечимдеринин бири — Жапаровду өкмөт башчы катары тандаганы

16 Бирдин айы 2022 15:34 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун туура чечимдеринин бири — Жапаровду өкмөт башчы катары тандаганы. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

«Акылбек Жапаровдун амбициялуу пландарын угуп адам ынана түшөт экен. Чын эле ушундай чоң долбоорлор бар деп жатат, ал эми бюджетти акырындык менен көлөмүн көтөрүү боюнча аракеттери жакшы. Мындай угуп отурсаң, өкмөт үйүнө барып пландары менен таанышсаң жакшы ой калат. Бирок, көчөдө кымбатчылык өтө күчөп турат. Элдин тапкан кирешеси менен чыгашасы төп келбей жатат. Ушул жактан алганда төп келбестиктер чыгып калууда. Бюджетти толтуруу аракеттерин, ошол эле бажыдан жана салыктан каражат түшүп жатканын колдойбуз, бирок кымбатчылык аркылуу түшпөөсү керек. Себеби кафе, тамактануучу жайларга болгон салыктын өсүүсү катуу эле сокку болду», — деди Акаев.

Бирок, эл өкүлү сөз болуп жаткан ири долбоорлор али баштала электигин белгилейт.

«Бир нече ири долбоорлор тууралуу сөз болуп жатат. Мисалы, Жогорку Нарын каскады жөнүндө сөз болду… Мындай колубуз менен кармап көрө тургандай иш боло элек. Садыр Жапаровдун көп эле чечимдерин туура эмес деп сындап жүрөбүз, бирок Акылбек Жапаровду өкмөт башчы кылып тандагынын туура чечимдеринин бири деп бааласа боло турганын кечээки маалымат жыйынынан кийин ойлоп калдым», — дейт депутат.

Количество просмотров: 5364