• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Акаев референдум долбоору регламентти бузуу менен «ууруларча» каралып жатканын айтты

3 Бештин айы 202017:03 Бишкек Govori.TV

Депутат Жанар Акаев парламенттин 3-декабрдагы жыйынында өлкөдөгү башкаруу формасын аныктай турган ири мыйзам долбоору комитетте да, жалпы жыйында да бир күндө каралып жатканын айтып санга алды.

Анын айтымында, регламент одоно бузулган.

«Комитеттер талкуулап, регламентти сактап карасак болмок. Биз ууруларча карап жатабыз. Жашынып, бекинип, авторлорун таппай. Президенттин өкүлү, Конституциялык кеңешмени көрсөңүз, мамлекеттин келечегин түптөш үчүн кандай адамдар чогулуп алган. Биз депутаттар өлкөнү «Түркмөнстандын» жолуна өтө тездик менен салып берип жатабыз. Абдан өкүнүчтүү. Кийинчерээк бул демилгеге өкүнөсүңөр», -деди Акаев.

Количество просмотров: 66