• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акаев: Журналисттерге уруксат күбөлүгүн берүү керек

1 Чын куран 2020 12:07 Бишкек Govori.TV

Жалпыга маалымдоо каражаттарына уруксат күбөлүгүн берүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Жанар Акаев айтты.

«Бүгүнкү күндө түшүндүрүү иштери маанилүү болуп жатат. Бирок өкмөт, комендант көз карандасыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн бирөөсүнө дагы уруксат күбөлүгүн берген жок. Эл фейк маадыматтарга ишенип жатат. Ошол себептен коомдо өз орду бар ар бир ЖМКнын 3-4 журналистине пропуск берүү керек. Алар өлкөдө болуп жаткан окуяларды элге тынбай чагылдырып турат. Өкмөт мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына уруксат бердиңер, бирок аларды эч ким окубайт. Кыргызстандагы эң көп окулган интернет сайттар, массалык маалымат каражаттары, медиалар, тактап айтканда рейтинги жогору 20 маалымат каражатынын бирөөсүндө дагы укуксат күбөлүгү жок. Аларга урукат бериңиздер!», — деди Акаев.

Количество просмотров: 109