Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутат Жанар Акаевдин жыштык тууралуу билдирүүсү боюнча жооп берди.
Кечээ, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев өкмөт башчы жыштык сатуудагы коррупцияга тиешеси жоктугун далилдеш керектигин айткан.
Өкмөт башчы депутат тарабынан такталбаган фактылар айтылганын билдирди.
“Менин дарегиме айтылагандардын баары имиш сөздөр. Менин аброюма, өкмөттүн дарегине сөздөр айтылды. Мунун бары Жанар Акаевдин өзүнүн абийиринде. Мамлекет убактылуу пайдаланууга берген жыштыкты бир компания экинчи компанияга сатып жатыптыр. Биз мунун туура эместигин айтып, мыйзам түрүндө чек коюшубуз керек дедик. Мен өкмөт башчы катары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тапшырма берип, текшерүү иши жүргүзүлүп жаткан. Кийин “Ала ТВ” дагы убактылуу берилген жыштыкты “Билайнга” сатып жатканы билинди. Мамлекеттик кызматкерлер аралашкан бул фактыларды Аскер прокуратурасы илитеп жатат. Менин бул жерде эч кандай күнөөм жок”, – деди өкмөт башчы.